ЖККУнун Кыргызстандагы машыгууларына авиация жана деңиз кемелери катышууда
“Өз ара аракеттенүү-2024”, “Издөө-2024”, “Эшелон-2024” эл аралык машыгуусуна Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын улуттук контингенттери, ошондой эле ЖККУнун Катчылыгынын жана Бириккен штабынын өкүлдөрү катышат.
Машыгууларга ЖККУга мүчө-мамлекеттердин улуттук контингенттеринин 1500дөн ашык аскер кызматчылары, ошондой эле 200дөн ашык аскердик техника, анын ичинде 10го жакын авиациялык техника жана 10го жакын деңиз кемелери катышат.