Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин башчысы    Ж. Баласагына атындагы Улуттук университетинде

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин» студенттери жана профессордук-окутуучулар жамааты үчүн лекция окуду.

Иш-чарага ОшМУнун жана Ош техникалык университетинин студенттери да видеоконференция аркылуу катышты.

А.Жапаров дүйнөлүк экономикалык тенденциялары, Өкмөттүн ишинин негизги аспектилери, Кыргызстандагы трансформациялар, ошондой эле стратегиялык маанидеги инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу  айтып берди.

Ошондой эле, Министрлер кабинетинин башчысы өкмөттүн 2024-жылга карата коюлган пландарын өзгөчө белгилеп кетти.