2024-жылы Кыргызстанда бир катар агро өнөр жай ишканаларын ачуу күтүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстанда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине карата бир катар агроөнөр жай ишканаларын ачуу пландалууда.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 16 олуттуу инфраструктуралык объектилерди, анын ичинде Ош жана Чүй облустарында жаңы соода-логистикалык борборлорду, Чүй облусунда мөмө-жемиштерден консерваланган варенье чыгаруучу заводдорду ишке киргизүү күтүлүүдө. Ошондой эле, соода-логистикалык борборлордун иштеп жаткан тармагын кеңейтүү пландаштырылууда, алардын бири Чүй облусунун Москва районундагы «Кыргыз продуктусу» долбоору