Жогорку соттун жетекчилиги Нарын облусундагы жергиликтүү соттор менен онлайн жыйын өткөрдү – ИА Караван Инфо
Жогорку соттун жетекчилиги Нарын облусундагы жергиликтүү соттор менен онлайн жыйын өткөрдү

Бүгүн, 2025-жылдын 5-февралында,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев  Нарын облусунун жергиликтүү сотторунун ишинин жыйынтыгын чыгарган онлайн жыйын өткөрдү.

Жогорку соттун төрагасынын орун басары  Нурлан Мусаев өткөн жылы жазык иштери боюнча бир катар чечимдер өзгөртүлгөндүгүн айтып, одоно мыйзам бузуулар болгон учурда жеке аныктамалар чыкпагандыгын  сынга алды.

Келдибек Исажанов бул кемчиликтерди моюнга алып, мындан ары ага жол бербөөгө аракет кыла тургандыктарын айтты.

Жогорку соттун төрагасынын орун басары Шералы Камчыбеков 2024-жылы сотторго 1174 иш көп түшкөнүн, 2023-жылга салыштырмалуу бул иштердин дээрлик 38% көбөйгөнүн белгилеп, жарандык иштерди кароонун сапатын жогорулатуу үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканына кызыкты.

Ошол эле учурда Шералы Камчыбеков күчүндө калган иштер боюнча көрсөткүч 2023-жылы 53, 06 % болсо, 2024-жылы 98% түзгөндүгүн айтып, жакшы  көрсөткүч экендигин белгиледи.

Ал эми Нургуль Бакирова Нарын облусу боюнча административдик иштерди кароо сапаты  2023-жылга салыштырмалуу 9% жогорулагандыгын айтып, мөөнөтү өтүп же токтотулган иштер  болбогондугун билдирип,  жакшы көрсөткүч катары сыпаттады. Ошол эле учурда айрым судьялардын  күчүндө калган иштери боюнча көрсөткүчтөрү төмөн экендигин  кошумчалады.

Жыйындын жүрүшүндө Жогорку соттун  төрагасы Медербек Сатыев соттордо иштердин создуктурулушу жарандардын нааразычылыгын жаратып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, соттук процесстердин кечигиши жана чечимдердин өз убагында чыгарылбашы коомчулуктун сот системасына болгон ишенимине доо кетирүүдө. Буга байланыштуу ал создуктурулган иштер боюнча терең анализ жүргүзүп, кечигүүлөрдүн себептерин аныктап, аларды жоюу боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, төрага соттор кабыл алган чечимдерди тараптарга өз убагында жана так түшүндүрүү зарылдыгын  талап кылды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: