Кыргызстан менен Кытай жакырчылыкты кыскартуу боюнча меморандумга кол коюшту – ИА Караван Инфо
Кыргызстан менен Кытай жакырчылыкты кыскартуу боюнча меморандумга кол коюшту

2025-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Айыл чарба жана айыл иштери министрлигинин ортосунда жакырчылыкты кыскартуу маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлган.

Документке Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров жана Кытай Эл Республикасынын Айыл чарба жана айыл иштер министри Тан Жэньцзянь кол коюшту .

Меморандум теңчилик жана өз ара пайда көрүү принциптерине негизделип, жакырчылык менен күрөшүү жаатында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө максатын көздөйт.

Тараптар ар түрдүү тармактарда, анын ичинде айылды өнүктүрүү тармагында тажрыйба жана билим алмашуу, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кадрлардын потенциалын чыңдоо, ийгиликтүү Кытай практикасына негизделген Кыргызстанда жакырчылыктан чыгуу боюнча ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын региондорунда жакырчылык менен күрөшүүнүн Кытай практикасын киргизүү жөнүндө макулдашышты.

Бул документ Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы социалдык-экономикалык байланыштарды чыңдоо үчүн жаңы перспективаларды ачат, бул жакырчылык маселелерин натыйжалуу чечүүгө жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: