Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “INNOPROM 2024” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында төмөндөгү темадагы негизги стратегиялык сессияга катышты. «Технологиялык өнөктөштүк: эл аралык өнөр жайдын чордону».

Өз сөзүндө министрлер кабинетинин башчысы СССРде Кыргызстандын өнөр жайы станок куруу жана машина куруу тармагында алдыңкы тармактардын бири болгонун, бирок ал ыдырагандан кийин өндүрүштүк кубаттуулугу жоголгонун белгиледи.
“Акыркы бир нече жылда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун саясий эркинин жана өжөрлүгүнүн аркасында биздин өлкө Өнөр жай секторун калыбына келтирүү жана өнөр жай ишканаларын реабилитациялоо менен индустриалдык өнүгүү жолуна ишенимдүү кадам таштады”, – деди Акылбек Жапаров.
Мындан тышкары, А.Жапаров токтоп турган ишканаларды ишке киргизүү менен алектенген “Кыргыз индустриясы” мамлекеттик компаниясы түзүлгөнүн билдирди.

«Жаңы өндүрүштүк жайлар жана инфраструктуралар кеңири ассортименттеги продукциялар боюнча ишке киргизилүүдө. Ишкерлер үчүн салык жүгүн азайткан жаңы салык мыйзамдарынын системасы түзүлдү жана ийгиликтүү иштеп жатат.
Улуттук же инвестициялык маанидеги долбоорлор фискалдык жеңилдиктерди жана мамлекеттик колдоолорду алат. Бул чаралардын аркасында Кыргызстанга түз чет элдик инвестициянын агымы жылдан жылга көбөйүүдө.
Ар бир инвестор Кыргыз Республикасындагы бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, жигердүү инвестициялай алат», — деди министрлер кабинетинин башчысы.
Акылбек Жапаров Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун өнөр жай кооперациясына кошкон салымын өзүнчө белгилеп, маалыматтык, инновациялык жана “жашыл” технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
А.Жапаров министрлер кабинетинин өнөр жай багытындагы ишинин негизги багыттары катары өндүрүштү локализациялоо, ишенимдүү жеткирүү түйүндөрүн жана логистиканы түзүү, мамлекеттер аралык финансы системасында альтернативдик эсептешүү институттарын куруу, санариптештирүүнү өнүктүрүү маселелерин жана жасалма интеллектти колдонуу, ошондой эле экологиялык маселелерин белгиледи.
Министрлер кабинетинин башчысы 2024-жылы 100 ири өнөр жай долбоорлорун ишке киргизүү планын билдирди.
«Быйыл биз Кыргыз Республикасынын аймагында технологиялык жана индустриалдык парктарды өнүктүрүүнү активдүү пландаштырып жатабыз», – деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайты