ООГАНЫСТАН, 2026-жылдын 4-октябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Кабул губернаторунун кеңсеси тарыхый Чихил Сотун мунарасынын жанындагы тоонун боорунда жер көчкү болгондугунан кийин кырдаалды иликтөө жана мүмкүн болгон тобокелдиктерди баалоо үчүн өзгөчө кырдаалдар боюнча комитет түзүлгөнүн билдирди.

Агенттиктин маалыматы боюнча, талаа изилдөөлөрү, техникалык баалоо, аялуу аймактарды аныктоо жана тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча практикалык чаралар башталды. Тоолуу аймакта болжол менен 300 үй-бүлө жашайт.
Буга чейин Ооганстандын Маалымат жана маданият министрлиги жана Табигый кырсыктарды башкаруу башкармалыгы тарыхый Чихил Сотун мунарасынын кулап түшүү коркунучу жана жер көчкү зонасынын кеңейиши, айрыкча жамгыр жааган учурда, болушу мүмкүн экендиги жөнүндө эскертишкен.
Ошондой эле бийлик коркунучта турган үй-бүлөлөрдү коопсуз жайларга көчүрүү иштери башталганын жарыялады.
Сүрөт: Улуттук күндөлүк "Анис" гезити
