Красноярск шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын Премьер-министринин орун басары Алексей Оверчуктун төрагалыгы алдында Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйыны тар чөйрөдө өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграцияны тереңдетүү, илим, билим, маданият, туризм жана башка тармактарда кызматташуу маселелери талкууланды.
2023-жылдын 29-мартында Бишкекте өткөн кыргыз-орус МККнын жыйынында тараптар экономика, каржы, энергетика, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба, транспорт жана маданият тармагындагы кызматташуунун кеңири спектрин талкуулашты. Эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун келечектүү багыттары белгиленди.

Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайты