
2024-жылдын 13-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Иш сапардын алкагында «Каракол» эл аралык аэропортунда болуп, учуу-конуу тилкесинин жана аэропорттун жаңы имаратынын курулушунун динамикасына баа берди.
Президентке саатына 250 жүргүнчүнү кабыл ала турган комплекстин курулушу жакынкы арада бүткөрүлүп жатканы тууралуу маалымат берилди. Аэропорттун аянты 8 миң чарчы метрди түзөт.
КР президентинин администратору Каныбек Туманбаев бул объекттин курулушу үстүбүздөгү жылдын күз айларында аяктап, андан соң объект пайдаланууга берилерин билдирди.
Долбоор жасалма учуу тилкесин 400 метрге узартууну камтыйт. Бул кыска жана орто аралыкка учуучу эки моторлуу орто аралыктагы кууш кузовдуу жургунчулөрду ташуучу самолётторду кабыл алууга мумкундук берет.
Садыр Жапаров ошондой эле аэропорттун терминалынын ичин көрүп чыгып, Каныбек Туманбаевге аэропорттун эл аралык стандарттарга жана коопсуздук талаптарына ылайык курулуш иштеринин сапатын көзөмөлдөөнү тапшырды.
Республиканын Президенти «Каракол» аэропорту чет өлкөлөрдөн туристтердин агымын көбөйтөөрүн белгиледи.
Сүрөт: КР президентинин басма сөз кызматы