Кыргызстандын президенти Кыргызстандын Чек ара кызматынын аскер бөлүгүнө келди – ИА Караван Инфо
Кыргызстандын президенти Кыргызстандын Чек ара кызматынын аскер бөлүгүнө келди

2024-жылдын 13-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда иш сапары менен болгон учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Каракол шаарындагы Чек ара кызматынын «Байсары уулу Кыдыр аке» атындагы 2028 аскер бөлүгүнүн материалдык-техникалык базасы менен таанышты.

Аскердик бөлүктүн имараттары 30 жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өтпөй, урап баштагандыктан, президенттин тапшырмасы менен аталган мекемеде капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү.

Аскердик бөлүктүн базасында УКМКнын Чек ара кызматынын кенже командирлерин даярдоочу окуу борборун ачуу, ошондой эле “Беделдин“, “Каркыра-автодорожный” өткөрүү пункттарынын жана “Каракол” эл аралык аэропортунун ачылышына байланыштуу аскер кызматкерлеринин санын көбөйтүү пландалууда.

Мамлекет башчысы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, кызмат өтөө үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу жана аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгын сактоо үчүн инфраструктураны жаңыртуу маанилүү экенин белгиледи.

Президент аскер бөлүгүн реконструкциялоону жана заманбап техникалар менен жабдууну тездетүүнү тапшырды, ошондой эле аскер кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан камсыздоо, анын ичинде жашоо шарттарын жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Сүрөт: КР президентинин басма сөз кызматы

error: