
2024-жылдын 15-июлунда Казакстан Республикасына жолборсторду реинтродукциялоо программасын ишке ашыруу боюнча Казакстан Республикасынын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги менен Бүткүл дүйнөлүк жаратылыш фондунун (WWF International) ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.
Бул меморандум буга чейин Иле-Балхаш коругунун биологиялык ар түрдүүлүгүн жана инфраструктурасын калыбына келтирүү боюнча олуттуу жетишкендиктерге алып келген кызматташтыктын уландысы болуп саналат.
2024-жылдын 27-июнунда Нидерландияда Казакстан Республикасынын экология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин Токой чарбасы жана жапайы жаратылыш комитети менен Landgoed Hoenderdaell Зоопаркына карштуу «Stichting Leeuw» жырткыч мышыктар үчүн атайын борборунун ортосунда эки Амур жолборсун (эркек жана ургаачы) Тартуулоо келишими жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Ушул күздө аларды Иле-Балхаш мамлекеттик коругуна көчүрүү пландалууда.
Жолборстордун бардык түрчөлөрүнүн ичинен Амур жана Туран гана реалдуу кышкы шарттарда жашоого ыңгайлашкан, ошондуктан Амур жолборсторун Казакстанда реинтродукциялоо үчүн пайдалануу алардын экологиянын жаңы шарттарына ыңгайлашуу процессин жеңилдетет.
Сүрөт: Казакстан Республикасынын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги