Маршруттун Тольятти жана Тверь шаарларын айланып өтүүчү жаңы тилкелери ачылды – ИА Караван Инфо
Маршруттун Тольятти жана Тверь шаарларын айланып өтүүчү жаңы тилкелери ачылды

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин М-11 Нева автожолунун Тверь шаарынын түндүк айланып өтүүчү жолунун жана Тольятти шаарын айланып өтүүчү жолдун ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчы аталган жерге Волгадагы көпүрөнүн жанында ата мекендик Lada Aura үлгүсүндөгү унаа менен келди.

Айланма жолдордун ачылыш аземине ошондой эле куруучулар, вице-премьер-министр Марат Хуснуллин, Президенттин Борбордук федералдык округдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Игорь Щеголев, Тверь облусунун губернатору Игорь Руденя, «Автодор» мамлекеттик компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Вячеслав Петушенко катышты.

«Бүгүн Самарада жана бул жерде Тверь [региондорунда] биз Россиянын эң маанилүү жолдорунун жаңы участокторун ачып жатабыз. Ошентип, биз аймактардын транспорттук-экономикалык байланышын чыңдоодо, эффективдүү логистиканы жана коопсуз жол тармагын өнүктүрүүдө, перспективдүү эл аралык транспорт коридорлорун калыптандырууда, эң негизгиси калктын жашоо сапатын жакшыртууда дагы бир кадам жасап жатабыз.  Анткени транспорт жана логистика дайыма экономикалык жигердүүлүктү, демек жашоонун сапатын жогорулатуунун пайдубалы, негизи болуп саналат», – деп белгиледи Россиянын Президенти.

Мамлекет башчысы «Автодор» ишканасынын жол куруу тармагына жана бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууга кошкон салымын белгиледи (М-11 Нева автожолу, М-12 «Восток» автожолу, Борбордук айланма жолу).

«Ошондой эле «Автодордун» адистери Донбасс, Запорожье жана Херсон облустарынын транспорттук инфраструктурасын калыбына келтирүүгө активдүү катышып жатканын белгилегим келет. Сиз бул аймактарда да, бүткүл Россияда да бардык милдеттерди “эң жакшы” стандарттар менен чече турганыңызга эч кандай күмөнүм жок. Сизге мындан аркы ийгиликтерди каалайм», — деди Владимир Путин.

Сүрөт: kremlin.ru

error: