Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы “40 район – 40 китеп” адабий сынагын өткөрүү жөнүндө жобону бекитүүнү сунуштайт. Сынак чыгарманын көркөмдүк баалуулугу, идеясынын масштабы жана чыгармаларынын коомдук мааниси аркылуу көрүнгөн түрдүү жанрдагы чыгармалардын таланттуу авторлорун издөөгө жана колдоого арналат.

Сынактын калыстар тобуна илимдин, билим берүүнүн жана маданияттын көрүнүктүү ишмерлери, эксперттер, жазуучулар, адабият таануучулар, журналисттер кирет. Алардын тажрыйбасы жана кесипкөйлүгү мындан ары өнүктүрүү жана басып чыгаруу үчүн мыкты чыгармаларды тандоого жардам берет.
Сынактын жеңүүчүлөрү тандалган чыгармага 200 нускага чейинки басма продукциясын басып чыгарууга келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Мындан тышкары жыл сайын 2 миллион сомго чейин акча каражатын авторлордун 6га чейин тандалып алынган чыгармаларын басып чыгаруу пландаштырылууда, бул адабий чыгармачылыктын өнүгүшүнө түрткү болуп, жергиликтүү калемгерлерди колдоо.