«Таза Арктика» коомдук экологиялык долбоорунун ыктыярчылары Евразиянын эң түндүк жана барууга кыйын жери болгон Челюскин тумшугунда металл сыныктарын тазалоого даярданууда. Долбоордун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Челюскин тумшугунда 25 миңден 40 миңге чейин металл баррель бар, аларды ыктыярчылар алып салууну пландап жатышат.

Экспедицияга даярдык бир жылга жакын убакытка созулду, азыр техникалык адистикке ээ болгон физикалык жактан туруктуу он адамдан турган топ август айынын башында Челюскин тумшугуна барат. Алардын милдети бул жердеги жалгыз туруктуу имарат болгон Росгидрометтин эски жатаканасын тазалоону жана реконструкциялоону баштоо.
Кийинки этапта зарыл болгон жабдууларды жана шаймандарды Архангельскиге жиберуу пландаштырылып жатат, ал жерден аларды «Михаил Сомов» илимий экспедиция-лык кемеси Челюскин тумшугуна керектуу нерселердин бардыгын жеткирет. Волонтерлор эки айга жакын оор шарттарда жашап жана иштешет.
Эскертүү. «Таза Арктика» коомдук экологиялык долбоору 2021-жылдан бери түндүк аймактарды тазалап, үч мезгил ичинде 12 миң тонна таштанды чогулткан.
Сүрөт: Екатерина Эстер, NAO24 / nao24.ru