Россияда туристтик максатта автосаякаттар жыл сайын 26 миллиондон 50 миллионго чейин көбөйүшү күтүлүүдө – ИА Караван Инфо
Россияда туристтик максатта автосаякаттар жыл сайын 26 миллиондон 50 миллионго чейин көбөйүшү күтүлүүдө

Россияда «Travel.RF» улуттук туристтик порталы ийгиликтүү ишин улантууда. Анда буга чейин Орусиянын 47 аймагында жол жүрүүчүлөр үчүн 50 маршрут бар. Гид китептерде маршруттар жана алардын негизги кызыктуу жерлери жөнүндө кеңири баяндалат, аралык жана жүрүү убактысы жөнүндө маалымат камтылган жол жүрүү картасы бар, саякатка чыгуу күндөрү жана баруу мезгили боюнча сунуштар берилет.

«Президент Владимир Путиндин тапшырмасы менен Өкмөт автотуризмди өнүктүрүү концепциясын иштеп чыкты. Аны ишке ашыруунун аркасында 2030-жылга карата мындай сапарлардын саны эки эсеге көбөйөт – жылына 26 миллиондон 50 миллионго чейин.

 Концепцияда жол жүрүүсүнө шарт түзүлөт. «Travel.RF» порталында ачылган алгачкы 50 каттам туристтер арасында унаа менен барууга ыңгайлуу болгон эң популярдуу аттракциондорду бириктирет.

 Бул багыттар боюнча кошумча унаа токтотуучу жайлар, кафелер жана мейманканалар курулуп, уюлдук байланыш жана жол жабдыктары жакшыртылмакчы. Мындан тышкары, мамлекет башчысы мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдар Орусияны изилдеп, ал тууралуу, анын ичинде автожол каттамдары боюнча көбүрөөк маалымат алуусу үчүн туризм тармагын ата мекендик автобустар менен камсыздоону тапшырды», — деди вице-премьер-министр Дмитрий Чернышенко.

Ошондой эле 2024-жылы аймактарда модулдук мейманканаларды куруу үчүн инвестициялык долбоорлорду тандоо пландаштырылууда. Автотуристтик маршруттарга жакын объекттерге артыкчылык берилет. Жыл сайын кеминде 5 миллиард рубль өлчөмүндө каржылоо каралган.

Ошондой эле, Россиянын Президенти Владимир Путиндин тапшырмасы боюнча жакынкы арада ата мекендик автоунааларды, анын ичинде моторомдорду, мобилдик соода түйүндөрүн, автотуризмге арналган жабдууларды жана буюмдарды өндүрүүнү колдоо маселесин кароо пландалууда.

«Биз жана региондор мындай каттамдарды даярдоо боюнча көп иштерди аткардык, маршруттук паспорт иштелип чыкты, алар менен субъекттер санариптик схемада иштешет. Натыйжада, биз бүт үй-бүлө саякатка чыга ала турган жеткиликтүү жана кызыктуу колдонмолорду алдык.

 Алар сиздин аймакты жакшыраак таанып-билүүгө жана коңшу же өлкөнүн башка бөлүктөрүн изилдөөгө жардам берет. Келечекте биз популярдуу навигаторлордо бир катар каттамдарды жеткиликтүү кылууну пландап жатабыз», — деди Экономикалык өнүгүү министринин орун басары Дмитрий Вахруков.

Сүрөт: Россия өкмөтүнүн расмий сайты

error: