Өткөн аптада Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов Вьетнамдын тышкы иштер министри Буй Тхань Сон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин атынан Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин Генералдык катчысы Нгуен Пху Тронгдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтылды.

«Биздин өлкөлөр эки тараптуу мамилелерди байытуу, динамикалуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бардык тармактарда жаңы бириктирүүчү көпүрөлөрдү түзүү үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алышат», – деп белгиледи Бахтиёр Саидов.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө келечектеги жогорку деңгээлдеги жолугушуулар, экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жана инвестиция тартуу маселелери талкууланды.
«Биз Өзбекстан менен Вьетнамдын тышкы иштер министрликтеринин ортосунда түзүлгөн тыгыз өнөктөштүктү жогору баалайбыз», – деди Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинин башчысы.
Сүрөттө: Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги