Азия өнүктүрүү банкы Казакстандын электр энергетика тармагын чыңдоого 58 миллиард теңге насыя берет

Казакстандын Бирдиктүү электр энергетика системасынын (БЭС) Түштүк аймагынын электр тармагын чыңдоо үчүн «KEGOC» компаниясы Азия өнүктүрүү банкынан (АӨБ) 58 миллиард теңгеден ашык насыя алат.
«KEGOC» басма сөз кызматы билдиргендей, кол коюлган келишимде долбоордук-сметалык документацияны жана курулуш-монтаждоо иштерин каржылоо каралган. Долбоор жалпы узундугу 475 км болгон эки 500 кВ аба электр линиясын курууну, ошондой эле 500 кВ-тагы «Шу», «Жамбыл» жана «Шымкент» үч көмөкчордонун реконструкциялоону жана кеңейтүүнү камтыйт.