Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында өтө турган 12-чи Эл аралык “Душанбе Китеби” көргөзмөсүнө даярдык көрүү максатында Тажикстан Республикасынын Маданият министрлиги иш-чараны уюштурууга бир далай каражат бөлгөн. Бул тууралуу Маданият министринин орун басары Давлат Сафарзода 22-июлда пресс-конференцияда билдирип, катышуучулардын, өзгөчө чет өлкөдөн келгендердин санын көбөйтүү умтулуусун баса белгиледи.

Басма сөз жыйынында берилген маалыматка ылайык, былтыркы көргөзмөгө Россия, Беларусь, Индия, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Иран сыяктуу жети өлкөнүн, ошондой эле 30дан ашык ата мекендик басмалардын өкүлдөрү катышкан.
Маданият министрлигинин басма мекемелери бир жылдын ичинде жалпы тиражы 39500 нуска менен 23 китеп чыгарды. Министрликтин кампаларында жалпы суммасы 13 426 400 сомонини түзгөн 283 053 даана китеп бар. Ошондой эле, «Китоб» Камсыздоо жана соода боюнча мамлекеттик унитардык ишканасы аркылуу Республиканын китепкана фондун толуктоо үчүн Хатлон облусунун жана республиканын башка аймактарынын китепканаларына 14 миң 212 нуска китептер бекер жеткирилгени айтылды.