Формула 1дегидей: Өзбекстанда Rolls-Royce үчүн жарыштар өтөт – ИА Караван Инфо
Формула 1дегидей: Өзбекстанда Rolls-Royce үчүн жарыштар өтөт

Автоунаалар жана мушташтар тууралуу видеолору менен таанылган орусиялык блогер Асхаб Тамаев Өзбекстанга чакырык менен бара турганын жар салды: ким аны басып өтө алса, 1,6 миллион долларлык Rolls Royce унаасын утуп алат.

Блогер өзүнүн социалдык түйүндөрүндө өзбек жарыш сүйүүчүлөрүн унааларын даярдоого чакырган. Тамаев өзү жарышка 100 км/саатка 1,8 секундда жеткен дүйнөлүк рекордчу BMW үлгүсүндөгү унаа менен катышат.

«Эгерде ким мени трассада жеңе алса, мен жеңүүчүгө Rolls Royce унаамды берем. Жеңип калсам, атаандашымдын унаасын алып кетем. Өзбекстан, күт!” – деп блогер жазылуучуларга кайрылуусун бүтүргөн.

Сүрөт: Vaib.Uz

error: