КР Эмгек, социалдаштыруу жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын алты айында ата-энеси өлкөдөн тышкары жүргөн 86 миңден ашык бала катталган.
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Жылдыз Полотова үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын аныктоо жана бул балдарга колдоо көрсөтүү максатында 296 миңден ашуун үймө-үй кыдырып текшерүү жүргүзүлгөнүн билдирди. Балдардын жалпы санынын 85%га жакыны (72966) ата-энесиз калган (алар чет өлкөгө иштегени кетишкен), калгандары ички мигранттардын балдары. Бул балдардын баары министрликтин көзөмөлүндө.
Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар жумуш издеп негизинен Орусия, Түркия жана Казакстанды тандап, Түштүк Кореяга да барышат.
World Population Review маалыматына ылайык, Кыргызстандан күнүнө 27 жаран жумушка кетип жатат. Эмгек мигранттарынын өлкө экономикасына кошкон салымы 2023-жылы акча которуулардын дээрлик 20% төмөндөшүнө карабастан олуттуу бойдон калууда.
Ачык булактардан алынган сүрөттөр