Санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти өнүктүрүү институту Өзбекстандагы түрк компаниялары менен кызматташууну өнүктүрүүдө – ИА Караван Инфо
Санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти өнүктүрүү институту Өзбекстандагы түрк компаниялары менен кызматташууну өнүктүрүүдө

Түркиядагы жасалма интеллект жана санариптик технологиялар тармагындагы алдыңкы компаниялардын негиздөөчүлөрү жана менеджерлери Cloud Peer, Smartmind, MIA Teknoloji жана Smartict Ташкенттеги Санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти өнүктүрүү изилдөө институтунда болушту.

Белгилей кетсек, бул жолугушуулар Bilkent CYBERPARK өкүлдөрү менен биргеликте 24-26-июль күндөрү өткөн өзбек-түрк бизнес форумунун алкагында өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө институттун директору Анвархожа Кадыров конокторду ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен тааныштырды. Ошондой эле келечектеги биргелешкен долбоорлордо Түркиянын алдыңкы компаниялары менен кызматташууну кааларын билдирди.

Уюштурулган жолугушуулардын алкагында тараптар жасалма интеллект тармагындагы долбоорлорду иштеп чыгуу жана каржылоо, кадрларды даярдоо жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташууну макулдашты.

Иш-чаранын жыйынтыгында жасалма интеллект тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда маалымат алмашуу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу максатында Өзбекстандын санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти өнүктүрүү илимий-изилдөө институту менен түркиялык MIA Teknoloji компаниясынын ортосунда  Жеке маалыматтардын купуялуулугу жана коргоо    келишимине кол коюлду.

Сүрөт: Cyberpark.uz

error: