Жумушчу күчүн экспорттоого лицензиясы бар 26 чарбакер субъект аркылуу үстүбүздөгү жылдын 6 айында 17 чет мамлекетте 5158 адам жумуш менен камсыз болгон. Аларга Россия Федерациясы, Казакстан, Беларусь, Латвия, Литва, Түркия, АКШ, Улуу Британия, Польша, Германия, Сауд Арабиясы, Эстония, Канада жана Венгрия кирет.
Бул тууралуу бүгүн журналисттерге маалымат жыйынында Эмгек, миграция жана ишке орноштуруу министри Гүлнора Хасанзода билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө аталган ишканаларда Тажикстандын 31 миң 457 жараны жана 4 миң 65 чет элдик жаран жумуш менен камсыз болуп, эмгектенишет. Учурда бул компаниялардагы үлүшү орточо 10%дан 90%ке чейин.
«Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында чет өлкөгө кеткен эмгек мигранттарынын саны 392 миң 805 адамды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 16%га аз. Анын ичинен 314 052си эркектер, 78 753ү аялдар болуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17% жана 12%га аз. Эмгек мигранттарынын жалпы санынан Россия Федерациясына 386 миң 987 адам кеткен», – деп кошумчалады министр.
Бул мезгилде кайтып келген эмгек мигранттарынын саны 324 065 адамды түзүп, 3%га көп. Анын 243 546сы эркектер (3% аз) жана 80 519у аялдар (25% көп).