2024-жылдын биринчи жарымында Орусиядан Тажикстанга 80 миң 519 аял эмгек миграциясынан кайтып келген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16 миң 500 адамга көп. Бул тууралуу Тажикстандын Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитетинин маалымат жыйынында айтылды.
Комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Фируза Нуруллозода билдиргендей, жалпысынан кайтып келген аялдардын дээрлик 40 миңи Иш менен камсыз кылуу агенттигине кайрылган.
«Орусиядан кайтып келип, мекемеге кайрылган 39 миң 281 аялдын 29 миң 930у жумушсуз катары катталса, 19 миң 823ү туруктуу жумуш менен камсыз болгон», – деди Нуруллозода.
Ошону менен бирге Комитет тажик аялдарынын чет өлкөлөргө эмгек миграциясынын азайгандыгын белгиледи. 2024-жылдын алгачкы алты айында Орусияга жана башка өлкөлөргө иштөө үчүн 78 753 аял кеткен, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 740 аялга аз.
Комитеттин жетекчиси Бунафша Файзиддинзода кайтып келген мигранттардын санынын көбөйүшүн Крокус Сити Холлдогу окуядан кийин орус бийлиги миграциялык статусту текшерүүнүн күчөшү менен байланыштырды.