2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК коммерциялык банктар аркылуу 9,5 миңге жакын ипотекалык насыя берген, анын жалпы суммасы 16 миллиард сомдон (189 миллион доллар) ашат.
Бул тууралуу маалымат жыйынында «ГИК» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тилек Жеембаев билдирди.
Анын 4 миң насыясы 9,4 млрд сомду түзүп, «Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында берилгенин тактады. Натыйжада 203,5 миң чарчы метр турак-жай сатып алынды.
Жээнбаев белгилегендей, эгерде 2016-2020-жылдар аралыгында ипотекалык насыянын орточо көлөмү 1,1 миллион сомду түзсө, 2021-2023-жылдары бул көрсөткүч 3,2 миллион сомго чейин өскөн.
Бирок, кредиттин орточо көлөмү көбөйгөнүнө карабастан, мамлекеттик ипотека аркылуу сатылып алынган турак жайдын аянты ошол эле деңгээлде калган.