Үстүбүздөгү жылдын июль айында Астана жана Алматы шаарларында Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитети полиция менен бирдикте жана прокуратуранын координациясында үч ири баңги лабораториясынын ишмердүүлүгүн жойгон. Бул кылмыштарды жасаган деген шек менен Казакстандын 8 жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тинтүү учурунда 93 кг ашык синтетикалык баңги заты, кристаллдашуу стадиясында турган 70 литр мефедрон, 255 кг прекурсорлор жана лабораториялык жабдуулар алынган. Кармалган баңгизаттардын “кара” базардагы баасы 2 миллиард теңгеден ашык болушу мүмкүн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат. Кошумча маалымат мыйзамга ылайык ачыкка чыгарылууга жатпайт.
Сүрөт: КР КНБ