Тажикстан менен чек ара жакынкы 2-3 айда биротоло такталат, деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.
«Бул маселе кылдат мамилени талап кылат. Сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатат жана жакынкы 2-3 айдын ичинде бүтүрүүнү пландап жатабыз», — деди Тышкы иштер министрлиги Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процесси боюнча суроолорго жооп берип жатып.
Кулубаев белгилегендей, өкмөттөр аралык жыйындар жума сайын өтүп турат.
«Учурда кыргыз-тажик чек арасынын 90%ы такталып бүттү. Биз мамлекет башчыларынын деңгээлинде өз ара түшүнүшүүгө жетиштик. Президенттер Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон тиешелүү органдарга ишти аягына чыгарууну тапшырышты. Биз бири-бирибиздин позициябызды координациялап, транзит маселесин талкуулайбыз», – деп түшүндүрдү министр.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 980 чакырымдай. Делимитациялоо, башкача айтканда, чек араны картада белгилөө менен аны аныктоо жана сыпаттоо боюнча сүйлөшүүлөр 2002-жылдын декабрынан бери уланууда.
Бул маселенин чечилбегени жергиликтүү тургундар менен эки өлкөнүн аскер кызматкерлеринин ортосунда көп жолу ок атуучу курал колдонуу менен чыр-чатакка себеп болгон.
Эске салсак, июль айынын аягында Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода тараптар буга чейин мамлекеттик чек аранын 94%ын тактап, макулдашканын билдирген. Анын айтымында, жыйынтыктоочу документтер эң курч аймактарга – Ворух менен Чоркухага тиешелүү болот.
Комиссиялардын кезектеги жыйыны 11-17-август күндөрү Баткен шаарында (Кыргызстан) өткөрүлөт.
Сүрөт: видеодон скриншот