26-августтан 30-августка чейин Самаркандда (Өзбекстан) XII Эл аралык “Чыгыш обондору” музыкалык фестивалы өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Маданият министрлиги кабарлады.
Фестивалдын негизги максаты – түрдүү элдердин жана улуттардын салттуу музыкасын көрсөтүү жана кайра жаратуу. Фестиваль Өзбекстанда эки жылда бир өтөт. Иш-чарага 70 өлкөдөн 300дөн ашык катышуучу келет.
Тажикстан тараптан Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Телерадио комитетинин «Фалак» мамлекеттик ансамблинин артисттери Фатима Машрабова, Шохин Абдуллоев жана 4 аткаруучу музыкант катышат.
Фестивалдын алкагында “Чыгыш элдеринин музыкалык маданияты: ааламдашуу процессиндеги чыгармачылык кызматташтыктын негиздери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт.
Ачык булактардан алынган сүрөттөр