Кадимки уюлдук телефонуңуздун кубаттагычы өрттүн келип чыгышына алып келиши толук мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир катар кеп-кеңештерди берип, төмөндөгү жөнөкөй эрежелерди так сактоого чакырат:
– Уюлдук телефондун кубаттагычын токко сайган бойдон калтырбаңыз. Эсиңизде болсун, техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам электр кубаты кескин жогорулап кетиши мүмкүн. Бул кубаттагыч ысып, түтөп өрттөнүшүнө алып келет;
– Заманбап телефон кубаттагычы өрткө каршы системасы менен жабдылган. Бирок убакыттын өтүшү менен анын ички тетиктери эскирет. Өзгөчө арзан баадагы жана үч жылдан ашык пайдаланылган кубаттагыч буюмдар өрт кырсыгына кептейт;
– Кубаттагыч ысып кеткенин байкасаңыз, аны алмаштырганыңыз оң;
– Кубаттагычты, телефонду, планшеттерди күндүн нуру түз тийген жерге коюуга болбойт;
– Телефонду токко сайып алып көпкө сүйлөшүүгө, оюн ойноого, кино, видео көрүүгө болбойт;
– Кубаттагычты электр тогуна сайганда кароосуз калтырбаңыз. Айрыкча кичинекей балдардын колу жетпегендей болушу керек жана анын чубалгысы менен ойноосуна жол бербеңиз;
Электр чыңалуусунун кубаттуулугу катуу шамал, бороон болгондо, жаан жааганда, чагылган түшкөндө көп болот. Бул кезде бардык үй-тирчилик буюмдарын электр тогунан ажыратып коюу ишенимдүү.
– Күнүмдүк турмушта колдонулган электр түйүнүндөгү токтун чыңалуусу эң сапаттуу тиричилик буюмдарын бузушу толук мүмкүн.