Сентябрь 2024 – ИА Караван Инфо

ИИМдин Күзөт кызматынын Түштүк башкармалыгында жаңы имаратына капсула салуу аземи болуп өттү

Аталган капсула салуу иш-чарасына Күзөт кызматынын башчысы милициянын полковниги Оролбек Акпаров, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов,Ош шарынын ИИББдин башчысы милициянын полковниги Дамир Исаков Ош облусунун ИИББнын башчысы милициянын полковниги Нурланбек Бурканов, ошондой эле ардагерлер жана өздүк курамы катышышты. Күзөт кызматынын башчысы милициянын полковниги өз сөзүндө, милиция кызматкерлеринин иш шарттарын жакшыртуунун...

Президент Чүй облусунда фармацевтикалык завод ачты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-сентябрда Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук районундагы “Биовит” инфузиялык эритмелерди, инъекциялык ампулаларды жана көз тамчыларын чыгаруучу заводдун ачылыш аземине катышты.  “Биовит” ишканасынын эмгек жамааты жана иш-чаранын катышуучулары менен учурашып жатып, Президент бул кезектеги эле өндүрүш ишканасын эмес, бул дартка кабылып, ооруга чалдыккан...

ОшМУда кыргыз тилин чет элдиктерге үйрөтүүчү курс ачылды

Тил курсу алгач коңшу өлкөдөгү Ташкент мамлекеттик Өзбек тили жана адабияты университетине уюштурулду. Ага окуу жайдын окутуучулары, аспиранттар жана студенттер катышты. Курстун 12 сааты оффлайн форматта өтүлдү. Эми калганы жыл ичи онлайн окутулат.Аталган окутуу 26-27-28-сентябрь күндөрү "Тил - улут күзгүсү" аталышындагы иш-чаранын алкагында уюштурулган. Анда ОшМУнун окутуучулары Ташкент мамлекеттик өзбек...

Салык кызматынын улук инспектору кармалды. Ал $100 миң опузалаган

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын улук инспектору К.С.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ал МСК системасындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө 29-сентябрда кармалган.Тактап айтканда, К.С.А. "Л.Н." ЖЧКсы (Ош шаарында катталган) ишкердик субъектисине карата салыктык текшерүүнүн жыйынтыгын жасалма...

Садыр Жапаров “Бай Элим” айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү заводун ачты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-сентябрда Чүй облусунун Москва районунда “Бай Элим” айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү заводунун ачылышына катышты.Мамлекет башчысы агрардык өлкө саналган Кыргызстанда айыл чарбасы – негизги тармактардын бири экенин белгиледи. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү өлкөбүздүн экономикасында маанилүү роль ойнойт.“Бул тармак мамлекетибиздин азык-түлүк коопсуздугун камсыздап, жумуш орундарын түзүп, экспорттун...

Бишкек жана Чхонджу шаарларынын мэрлери туризмди өнүктүрүүнү пландаштырууда

Бул Меморандумдун максаты Бишкек шаарынын жашоочулары менен Чхонджу шаарларынын ортосунда өз ара түшүнүшүүнү жана достукту чыңдоо, шаар куруу, экология, инфраструктура, билим берүү жана маданият, экономикалык кызматташтыкты, анын ичинде туризм, соода жана инвестициялар жаатындагы биргелешкен долбоорлорду тереңдетүү жаатында билим, тажрыйба   алмашууну колдоо жана өнүктүрүү болуп саналат. Мэрдин орун басары  Азамат...

Кыргызстанда активдерди ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү 2024-жылдын аягына чейин узартылды

Кыргызстанда активдерди ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү 2024-жылдын аягына чейин узартылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Ведомствонун билдирүүсүнө таянсак, 2023-жылдын 1-январына карата сатылып алынган активдер боюнча салык, бажы жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөбөйсүз.Бирок, эгерде легалдаштырылган активдердин наркы 100 млн сомдон ашса, анда декларациялык төлөм 1 000 000 сомду түзөт."Мамлекет сиздин легалдаштырылган активдериңиздин сакталышына...

“Чыгыш-5” кичирайонунда лифттерди модернизациялоо иштери аяктады

Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык менчигинде турган лифттик жабдууларды модернизациялоо программасынын алкагында, Чыгыш-5, 1/3 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн лифтин жаңылоо иштери ийгиликтүү аяктады. Учурда акыркы техникалык текшерүүлөр болуп, эшиктерге рамка коюу иштери жүрүп жатат, андан кийин лифт пайдаланууга берилет. Бул долбоор кызмат убактысы нормативдик мөөнөттөн ашкан лифттерди масштабдуу жаңылоого багытталган программага...

Бишкекте жарым кылымдан ашык убакыт бирге жашаган жубайлар сыйланды

Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев жана Аида Исатбек кызы бүгүн, 30-сентябрда 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнүн утурлай 20дан ашуун үлгүлүү үй-бүлөлөргө Жогорку Кеңештин төрагасынын атынан куттуктоо баракчаларын тапшырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти. Иш-чаранын жүрүшүндө эл өкүлү Марлен Маматалиев 50, 60 жылдан бери үй-бүлө очогун бирге тутантып келе жаткан ата-апаларды...

Кыргызстанда түшүм жыйналууда. Көрсөткүчтөр өткөн жылдагыдан жогору

Буудай 233,5 миң га аянтта (97,1 %) жыйналды, бул өткөн жылга караганда 47,9 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүгү 28,9 ц/га болуп, 2023-жылга салыштырмалуу 5,2 ц/га жогору. Айрыкча, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарында түшүмдүүлүк 30,0-33 ц/га түзүүдө.Арпа 237,7 миң га аянтта (94,8 %) жыйналды, бул өткөн жылга караганда 47,0 миң га...

Баткенде II инвестициялык форум өтөт

Баткен шаарында 12-октябрда "Баткенди өнүктүрүү — өлкөнү өнүктүрүү" аталыштагы 2-чи инвестициялык форум өтөт. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен кабарлашты. Форум Кыргызстан менен Кытайдын, Россия Федерациясынын, Өзбекстандын, Түркиянын жана башка бир катар мамлекеттердин бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосунда конструктивдүү диалогду куруу үчүн жакшы аянтча болуп бермекчи. Форумдун жүрүшүндө энергетика, туризм, айыл чарба, өнөр жай, логистика...

“Ала – Бука” 110/35/10 кВ көмөк чордонунда 25 000 кВА трансформатор орнотулду

Бул көмөк чордон 1990 - жылы курулган.Андан бери жыл сайын оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп Ала - Бука районундагы керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздап келген. Бирок абоненттер жылдан - жылга көбөйүп, керектөөчүлөрдүн көп пайдаланган мезгилинде электр энергиясынын кубаттуулугу тартыш болгондугуна байланыштуу сапаты төмөн болуп келген. Эми абоненттерди тейлөө сапаты жогорулайт. Анткени калктын...

error: