Владимир Путин Шавкат Мирзиёевди Константин сарайында кабыл алды.
САНКТ-ПЕТЕРБУРГ, 2026-жылдын 5-июну – Karavan Info маалымат агенттиги. Орусиянын президенти Владимир Путин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Санкт-Петербургдун жанындагы Константин сарайында жолугушту.

Орусия лидери өзбекстандык кесиптешине Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышканы үчүн ыраазычылык билдирди.
Мамлекет башчыларынын мурунку жолугушуусу бир жумага жетпеген убакыт мурун Казакстанда өткөн Евразия экономикалык биримдигинин саммитинде болгон.
Сүрөт: Спутник
