Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн энергетика министрлеринин жыйыны өтүп жатат. - ИА Караван Инфо
Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн энергетика министрлеринин жыйыны өтүп жатат.

БОРБОРДУК АЗИЯ, 2026-жылдын 19-июну – Karavan Info маалымат агенттиги. Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин энергетика министрлеринин жолугушуусу Кыргызстандын борборунда өтүп жатат.

Жыйында энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, энергетикалык коопсуздукту чыңдоо жана аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүгө байланыштуу маселелер талкууланат.

Жыйынга тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышып жатышат, анын ичинде:

— Россия Федерациясынын энергетика министри Сергей Евгеньевич Цивилев;

— Тажикстан Республикасынын энергетика министри Далер Жума;

— Өзбекстан Республикасынын энергетика министри Журабек Турсунпулатович Мирзамахмудов

-Кыргыстан Республикасынын энергетика министри Рысбеков Алтынбек Дурусбекович

Ошондой эле, ШКУга мүчө мамлекеттердин башка ведомстволорунун жетекчилери

Бишкектеги жолугушуунун жыйынтыгында протоколго кол коюлду. Кол коюлган документ ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы энергетика тармагындагы келечектеги кызматташуу багыттарын белгилейт.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана туруктуу энергетикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча биргелешкен мамилелерди талкуулашты.

Сүрөт: IA Karavan Info