Жуманын башында Инвестициялар жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Рахимзода Султон Индиянын суу ресурстары, гидроэнергетика жана инфраструктура тармагындагы “WAPCOS Limited” консалтинг компаниясынын жетекчиси Агравал Р менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар гидроэнергетика тармагына инвестиция тартуу, өлкөнүн инфраструктуралык долбоорлорун жана башка приоритеттүү долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу эки тараптуу энергетикалык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүү фактору экени белгиленип, эки тарап дагы бул багыттар боюнча кызматташууну бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.
Сүрөт: Тажикстан Республикасынын Инвестициялар жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети