МОСКВА, 2026-жылдын 28-июну – Karavan Info маалымат агенттиги. Орусиянын президенти Владимир Путин жалпы билим берүү мекемелеринде 100 мыкты советтик жана орусиялык көркөм тасмаларды милдеттүү түрдө көрсөтүүнү жана андан кийин талкуулоону буйрук кылды.

Жарыяланган буйрукка ылайык, Орусиянын Билим берүү министрлиги аймактык бийлик органдары менен биргеликте бул тасмалардын негизги жана орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашырууга интеграцияланышын камсыз кылат.
Көрсөтүүлөр изилденип жаткан дисциплиналардын контекстинде өткөрүлүп, тасмалардын мазмунун талдоо менен коштолушу керек.
Аткарылган иш боюнча отчет үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин берилиши керек.
Кошумчалай кетсек, 25-июнда Сергей Кравцов бардык сабактар боюнча бирдиктүү окуу китептеринин топтомун иштеп чыгуу боюнча иштер улантылып жатканын жарыялаган.
Жогорку жана орто класстар үчүн жаңы басылмалар 2026-жылдын аягына чейин федералдык тизмеге киргизилиши мүмкүн.
Сүрөт: Россиянын Президентинин администрациясы
