ООГАНИСТАН, 2026-жылдын 24-августу – Karavan Info маалымат агенттиги. Ооган темир жол башкармалыгы Коомдук иштер министрлигинен чыгарылып, көз карандысыз агенттикке айландырылды.

Министрликтин маалыматы боюнча, бул чечим Талибандын лидери Хайбатулла Ахундзаданын буйругу менен кабыл алынган.
Жаңы департаменттин башчысы болуп мурда Коомдук иштер министринин техникалык иштер боюнча орун басары кызматын ээлеген Абдулкарим Фатех дайындалды.
Жаңы агенттиктин ыйгарым укуктары, түзүмү жана иштөө тартиби тууралуу маалыматтар азырынча ачыкка чыгарыла элек.
Темир жолду өнүктүрүү Ооганстандагы соода жана транзит үчүн абдан маанилүү. Өлкөнүн бийлиги Ооганстанды Борбордук жана Түштүк Азия менен байланыштырган долбоорлорду кеңейтүүнү көздөп жатат.
Сүрөт: DID
