Кыргызстанда аялдардын саламаттыгын текшерүү боюнча бир айлык акция башталды - ИА Караван Инфо
Кыргызстанда аялдардын саламаттыгын текшерүү боюнча бир айлык акция башталды

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта «Айымдардын ден соолугу!» бир айлык акциясы башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Бир айлыктын максаты – 18 жаштан жогорку аялдарды жугуштуу эмес оорулар боюнча консультация алуу үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелерине кайрылууга үндөө. Бул демилге «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» швейцариялык долбоору тарабынан колдоого алынууда.

Акыркы төрт жылдын ичинде, 2020-жылдан 2023-жылга чейин, 15 000ден ашуун аял кант диабети диагнозу менен каттоого алынган, ал эми 45 000 аялда биринчи жолу гипертония аныкталган. Мындан тышкары, эмчек безинин рагы жана жатын моюнчасынын рагы аялдардын арасында рак ооруларынын негизги өлүм себептеринин бири бойдон калууда.

«Айымдардын ден соолугу!» бир айлыгы оорулар тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу жана аларды эрте аныктоого жана оорулардын татаалдашуу коркунучун азайтууга багытталган. Октябрь айында аялдар акысыз кан басымын өлчөтүп, жүрөк-кан тамыр оорулары жана кант диабетинин өнүгүү тобокелдигин аныктап, кандагы холестерин менен канттын деңгээлин текшертип, жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу жана дарылоо боюнча кеңештерди ала алышат. Бул үчүн алар жашаган жериндеги баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелериндеги үй-бүлөлүк дарыгерге же медайымга кайрыла алышат.

Жугуштуу эмес оорулар, айрыкча жүрөк-кан тамыр оорулары жана кант диабети, Кыргызстандагы аялдар арасында кеңири таралган. Өткөн жылы октябрь айында үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 400 миңден ашуун аял алдын алуу текшерүүдөн өтүп, алардын ичинен 103 000ден ашууну (26%) жогорку тобокелдикке киргендер катары катталган.

Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору сапаттуу баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүүгө бирдей мүмкүнчүлүк алуу жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу аркылуу Кыргызстан калкынын ден соолугун жана бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган.

Долбоор Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарын камтыган. Ал эми азыр, долбоор Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында иш алып барууда.

error: