ООГАНЫСТАН, 2026-жылдын 6-октябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Талибандын тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуп, эки тараптуу мамилелерди чыңдоо, экономикалык, соода жана транзиттик кызматташтыкты кеңейтүү жана аймактык туруктуулук маселелерин талкуулады.

Муттаки Кабулдун Москва менен узак мөөнөттүү экономикалык өнөктөштүккө кызыкдар экенин билдирип, саясий өз ара түшүнүшүүнү андан ары бекемдөө менен бирге соода-экономикалык жана транзиттик байланыштарды өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл бурууга чакырды.
Талибандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Сергей Лавров эки өлкөнүн ортосундагы саясий консультацияларды улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, Москванын экономикалык жана соода мамилелерин андан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Ошондой эле орус министри талиптердин баңгизат өндүрүү жана аткезчиликке каршы күрөшүү, ошондой эле коопсуздукту чыңдоо боюнча аракеттерине токтолду.
Лавров мурда Талибандын терроризмге жана баңгизат аткезчилигине каршы күрөштөгү жетишкендиктери кыймылдын Орусия менен үзгүлтүксүз кызматташтыгы менен байланыштуу экенин билдирген.
Сүрөт: Орусиянын Тышкы иштер министрлиги
