Душанбе, 2026-жылдын 19-октябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин атайын тапшырмалар боюнча элчиси Мурат Мукушев Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин Улуттук координаторлор кеңешинин жыйынына катышты. Жыйын 15-18-октябрь күндөрү Душанбеде өттү.

Катышуучулар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты, ошондой эле 2026–2027-жылдардагы ШКУ саммитинин жана жогорку деңгээлдеги иш-чаралардын графигин талкуулашты. 19–20-октябрда Душанбеде өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын (премьер-министрлеринин) кеңешинин жыйынына даярдыктар каралды. Транзиттик жана транспорттук кызматташтык, каржылык кызматташтык жана уюмдун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча жыйынтыктоочу документтердин долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында координаторлор мүчө мамлекеттердин ортосундагы көп тармактуу кызматташтыкты чыңдоо үчүн ШКУнун механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды улантууга макулдашышты.
Сүрөт : Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
