МОСКВА, 2026-жылдын 21-октябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Орусия чакан технологиялык компанияларды колдоо жана инновациялык бизнести өнүктүрүү боюнча тажрыйбасын Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) өлкөлөрүнө жайылтууга даяр.

Бул тууралуу Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Душанбеде өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында билдирди.
Ал өнөктөштөрдү биргелешкен өндүрүштү жана өз ара инвестицияларды кеңейтүүгө чакырып, өнөр жай, энергетика жана айыл чарба тармактарында кызматташуунун келечегин белгиледи.
Мишустиндин айтымында, Орусиянын ШКУ өлкөлөрү менен болгон соода жүгүртүүсү 2025-жылы 30 триллион рублдан ашып, 2026-жылдын биринчи жарымында 18% га өскөн. Орусияда 7000ден ашык чакан технологиялык компаниялар иштейт, алардын жалпы кирешеси өткөн жылы 1 триллион рублдан ашкан.
Ошондой эле, орусиялык тарап ШКУнун алкагында түзүлгөн технологиялык парктардын пулун инновацияны өнүктүрүү үчүн колдонууну сунуштады.
Сүрөт: Александр Корольков/РГ
