Кыргызстанда 94 миң мугалим эмгектенет - ИА Караван Инфо
Кыргызстанда 94 миң мугалим эмгектенет

Эң кеңири тараган жана талап кылынган кесиптердин бири болуп педагогдун кесиби эсептелет, алардын олуттуу бөлүгүн мектеп мугалимдери түзөт. Кесиптик майрамга карата ыраазычылыктарды 94 миңге жакын жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери угушат, анын ичинен 30 миңден ашыгы шаардык, 63 миңден ашыгы айыл жерлериндеги мугалимдер.

2023/2024-окуу жылынын башына карата республикада 2 377 күндүзгү жалпы орто билим берүүчү уюмдар иштеген.

Мугалимдик кесип салттуу түрдө аялдардын кесиби катары эсептелет. Мектептерде эркек мугалимдерге караганда аял мугалимдер пайыз менен алганда кыйла жогору. Жалпы билим берүүчү мектептердеги мугалимдердин жалпы санынын 86 пайызын аялдар түзөт, алардын 5 пайызы директордун жана директордун орун басары кызматын ээлешет.

Педагогикалык курамдын кесиптик деңгээли жетишээрлик жогору. Мисалы, 2023/2024-окуу жылынын башына карата мугалимдердин жалпы санынын 87 пайызга жакыны жогорку билимдүү.

Мектептерде мугалимдердин жүгүнүн деңгээли жогору бойдон калууда. Жалпы билим берүү уюмдарында бир мугалимге орточо 16 окуучу туура келет. Мында, шаардык жана айылдык мектептердин мугалимдеринин жүгү кыйла айырмаланат. Эгерде, шаарлардын мектептеринде бир мугалимге орточо 19 окуучу туура келсе, ал эми айылдардын мектептеринде –  14 окуучу туура келет.

Республиканын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын ар бир бешинчи студенти педагог кесибин тандаган.

2023/2024-окуу жылында республиканын жогорку кесиптик билим берүү уюмунун бардык уюмдары тарабынан 7 миңден ашуун келечектеги педагогикалык кызматкерлер бүтүп чыгышты.

error: