Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун, ошондой эле Жогорку соттун судьяларынын катышуусунда жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти.
Президенттин биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө КРнын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо тууралуу жарлыгына ылайык, Динара Качкыналиева Бишкек шаардык сотуна дайындалды.
Мындан тышкары, мамлекет башчысынын дагы бир жарлыгы менен КР Конституциясы жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык, Наргиза Кувандыкова курагынын чегине жеткенге чейин Баткен облустук сотуна дайындалды.
Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга чакырды.
Ошондой эле мамлекет башчысынын курагынын чегине жеткенге чейин дайындоо жана судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн төмөнкү жергиликтүү сотторго жиберүү жөнүндө Жарлыктары чыгарылган:
Ош облусу:
Кара-Суу райондук соту
Өзгөн райондук соту
Ош шаардык соту:
Ысык-Ата райондук соту
Сокулук райондук соту
Москва райондук соту
Бишкек шаары
Биринчи май райондук соту
Биринчи жолу дайындалган судьялардын ант берүүсү аяктагандан кийин, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жогорку сот органынын судьяларынын катышуусунда жергиликтүү соттордун төрагалары менен онлайн режиминде кеңешме өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө Замирбек Базарбеков күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелерди көтөрүп, катышуучулардын көңүлүн сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатуу зарылдыгына бурду.
