Бишкек мэриясы айдоочуларды жана экономисттерди жумушка чакырат
“Бишкек шаардык транспорту” муниципалдык ишканасы өзүнүн жамаатына жооптуу кызматкерлерди чакырат.
Муниципалитеттен кабарлашкандай, 21 жаштан 55 жашка чейинки айдоочулар талап кылынат. Милдеттүү талап – D категориясындагы айдоочулук күбөлүгү болушу керек.
Мэриядан ыңгайлуу иштөө жана квалификацияны жогорулатуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөндүгүн кошумчалашты.
Мындан тышкары, экономист талап кылынат. Экономистке коюлган талаптар-жогорку билим жөнүндө диплом.
Кеңири маалымат алуу үчүн 0312 531 789 телефон номерине кайрылсаңыздар болот.