Токтогулда күн электр станциясы курулат. Сүйлөшүүлөр жүрүүдө
Токтогулда күн нурунан электр энергиясын алуу станциялары курулат. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-октябрда райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Акылбек Тюкебаев Чехиядан келген инвесторлор менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Токтогул суу сактагычынын суу үстүнө кубаттуулугу 1200 МВат болгон электр станцияларын куруу боюнча инвесторлор менен жеринде сүйлөшүүлөр болуп, макулдашуу иш-аракеттери жүрүүдө.
