Графиня Александра Толстая Кыргызстанды таанытат
Кыргызстандын туризм тармагындагы коомдук амбассадор наамын графиня Александра Толстая алды. Тиешелүү сертификатты ага бүгүн Бишкекте КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тапшырды.
Александра Толстая Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүү багыттары боюнча көз карашын бөлүштү. Ал өлкө оригиналдуулукту сактап, элиталык туризмге басым жасоо керек дейт.
Белгилей кетсек, Александра Толстая Кыргызстанда көп жылдардан бери туристтик бизнес менен алектенип келет. Ал белгилүү орус жазуучусу Лев Толстойдун урпагы.
Источник: сайт https://caravan-info.kg/
