Эми унааны кайра каттоодо милдеттүү камсыздандыруу полиси талап кылынбайт
Эми Кыргызстанда 2024-жылдын 11-октябрынан тарта унааны кайра каттоо үчүн милдеттүү камсыздандыруу полиси талап кылынбайт. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Унааны кайра каттоо үчүн төмөнкү документтердин пакетин берүү жетиштүү:
Документтерди Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук түрдө тапшырса болот.
Жубайлардын биргелешкен менчигиндеги транспорт каражатын кайра каттоодо жубайынын макулдугу талап кылынат.
Агенттиктен транспорт каражатын кайра каттоодо эч кандай айып пул жана чектөөлөр (камакка алуу, күрөө) болбошу маанилүү экенин кошумчалашты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
