Айдоочулардын эсине! Боом капчыгайында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт - ИА Караван Инфо
Айдоочулардын эсине! Боом капчыгайында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 14нөн 18-октябрына чейинки аралыкта Боом капчыгайынын 128-чакырымында (темир жолдун 3898-чакырымы) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» МИ маалымдайт.

Жумуш саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат, 30-40тан ашык унаа топтолсо, таш түшүрүү иштери токтоп, унаалардын өтүшүнө жол ачылат.

 Иш-чара сел жана таш кулоо түрүндөгү кооптуу факторлордун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: