Улуу Ата Мекендик согуштун легендарлуу баатыры Рахымжан Кошкарбаевдин 100 жылдык мааракеси Казакстанда кеңири белгиленди. Анын жаркын элесине арналган иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өттү.

Мектептерде, жогорку окуу жайларында жана аскер бөлүктөрүндө эрдик сабактары өтүп, анда мектеп окуучулары жана студенттер Рейхстагдын үстүндө Жеңиш туусун желбиреткен казак жоокеринин эрдиги менен таанышты. Баатырдын ысымын алып жүргөн айрым мектептерде тематикалык сабактар, көргөзмөлөр өткөрүлдү.

Моряктар мектептерде болушуп, жогорку класстын окуучулары менен патриотизмдин, Мекенге кызмат кылуунун мааниси жөнүндө аңгемелешишти. Ардагерлер жаштар менен да жолугуп, согуш тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүшүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп окуучулары Рахымжан Кошкарбаевге арналган ырларын окуп, анын эрдиги тууралуу алган таасирлери менен бөлүшүштү. Кошкарбаев сыяктуу баатырлардын үлгүсү аркылуу жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоонун маанилүүлүгүн окутуучулар, лекторлор баса белгилешти.
Эске сала кетсек, Рахымжан Кошкарбаев — Улуу Ата Мекендик согушта эрдиги менен таанылган казак баатыры. Ал 1945-жылдын 30-апрелинде биринчилерден болуп Рейхстагдын имаратынын үстүнө нацисттик Германияны жеңгендигин билдирген кызыл тууну көтөргөн. Эрдиги үчүн орден, медалдар менен сыйланган, СССР тарагандан кийин Казакстандын Эл Баатыры наамын алган.
Сүрөт: Казакстан Республикасынын Коргоо министрлиги
