Республиканын Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, жыл башынан бери 121 645 даана акылдуу эсептегич орнотулду. Эскилигине жеткен 13 217 даана жыгач мамылары жаңы темир-бетон мамыларына алмаштырылды.
Жалпы: 62 даана кошумча трансформатор орнотулду, 509.4 км 10/0,4 кв аба чубалгылары курулду жана реконструкцияланды, анын ичинен 287 км эскилигине жеткен зымдар СИП-2 түрүндөгү зымка алмаштырылды.
Керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу максатында 110 кВ “Чырпыкты” (Ысык-Көл электр тармактар ишканасы) жана 35 кВ “Дейрес” (Жалал-Абад электр тармактар ишканасы) көмөкчордондору ишке берилди.
Төмөнкү 110 кВ көмөкчордондордо трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылды:
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
