Жыл башынан бери кыргызстандыктар үчүн 121 миң 645 эсептегич орнотулду - ИА Караван Инфо
Жыл башынан бери кыргызстандыктар үчүн 121 миң 645 эсептегич орнотулду

Республиканын Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, жыл башынан бери 121 645 даана акылдуу эсептегич орнотулду. Эскилигине жеткен 13 217 даана жыгач мамылары жаңы темир-бетон мамыларына алмаштырылды.

Жалпы: 62 даана кошумча трансформатор орнотулду, 509.4 км 10/0,4 кв аба чубалгылары курулду жана реконструкцияланды, анын ичинен 287 км эскилигине жеткен зымдар СИП-2 түрүндөгү зымка алмаштырылды.

Керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу максатында 110 кВ “Чырпыкты” (Ысык-Көл электр тармактар ишканасы) жана 35 кВ “Дейрес” (Жалал-Абад электр тармактар ишканасы) көмөкчордондору ишке берилди.

Төмөнкү 110 кВ көмөкчордондордо трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылды:

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: