Чет өлкөлүк жарандыгы бар бала үчүн ММК полисин кантип алууга болот - ИА Караван Инфо
Чет өлкөлүк жарандыгы бар бала үчүн ММК полисин кантип алууга болот

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) чет өлкөнүн жараны болгон бала үчүн ММК полисин кантип алуу керектиги тууралуу түшүндүрмө берди. 

ММК полисин сатып алуу үчүн төмөнкүдөй кадамдарды аткаруу зарыл:

1. 18 жашка чейинка бардык балдар үчүн идентификациялык жеке номерин алуу:

2. ММК полисин сатып алуу:

 3. Үй-бүлөлүк медициналык борборунда баланы каттоо:

Ал таризделгенден кийин 5 календарлык күндөн тартып полис иштей баштаарына көңүл буруңуздар.

Полисти сатып алгандан кийин камсыздандырылган статусу ыйгарылат жана бала Үй-бүлөлүк медициналык борборунда да, мамлекеттик стационарларда да амбулатордук деңгээлде медициналык кызмат көрсөтүүлөргө укуктуу, ошондой эле Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жеңилдетилген дары-дармек каражаттарына жеткиликтүү.

Эгер сизде кошумча суроо бар болсо, сиз кыйла кеңири маалымат алуу үчүн ММКФнын 113 ишеним телефонуна кайрылсаңыздар болот.

Маалымдама: 16 жашка чейинки камсыздандырылган балдарга, анын ичинде 18 жашка чейинки окуучуларга ҮМБда акысыз медициналык кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде жеңилдетилген дары-дармектер 50%га чейин арзандатуу менен берилет. Стационарларга (ооруканаларга) пландык госпиталдаштырууда 6 жашка чейинки балдарга медициналык кызмат көрсөтүлөр акысыз. 6 жаштан 16 жашка чейинки балдарга, анын ичинде 18 жашка чейинки окуучуларга орто деңгээлдеги кошумча төлөм төлөшөт.

Өтө маанилүү! ҮМБда катталуусу болуп, үй-бүлөлүк дарыгерден жолдомо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же ID картасы болушу зарыл.  

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: