Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) чет өлкөнүн жараны болгон бала үчүн ММК полисин кантип алуу керектиги тууралуу түшүндүрмө берди.
ММК полисин сатып алуу үчүн төмөнкүдөй кадамдарды аткаруу зарыл:
1. 18 жашка чейинка бардык балдар үчүн идентификациялык жеке номерин алуу:
2. ММК полисин сатып алуу:
3. Үй-бүлөлүк медициналык борборунда баланы каттоо:
Ал таризделгенден кийин 5 календарлык күндөн тартып полис иштей баштаарына көңүл буруңуздар.
Полисти сатып алгандан кийин камсыздандырылган статусу ыйгарылат жана бала Үй-бүлөлүк медициналык борборунда да, мамлекеттик стационарларда да амбулатордук деңгээлде медициналык кызмат көрсөтүүлөргө укуктуу, ошондой эле Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жеңилдетилген дары-дармек каражаттарына жеткиликтүү.
Эгер сизде кошумча суроо бар болсо, сиз кыйла кеңири маалымат алуу үчүн ММКФнын 113 ишеним телефонуна кайрылсаңыздар болот.
Маалымдама: 16 жашка чейинки камсыздандырылган балдарга, анын ичинде 18 жашка чейинки окуучуларга ҮМБда акысыз медициналык кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде жеңилдетилген дары-дармектер 50%га чейин арзандатуу менен берилет. Стационарларга (ооруканаларга) пландык госпиталдаштырууда 6 жашка чейинки балдарга медициналык кызмат көрсөтүлөр акысыз. 6 жаштан 16 жашка чейинки балдарга, анын ичинде 18 жашка чейинки окуучуларга орто деңгээлдеги кошумча төлөм төлөшөт.
Өтө маанилүү! ҮМБда катталуусу болуп, үй-бүлөлүк дарыгерден жолдомо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же ID картасы болушу зарыл.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
